Жаңылыктар
Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда жаңы бала бакча ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда жаңы бала бакча ачылды

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда жаңы бала бакча ачылды. Мектепке чейинки балдарга билим берүү мекемесин пайдаланууга берүү тар чөйрөдө белгиленди. 

Эки кабаттан турган имараттын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 22 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Бакча заманбап шарттары менен курулду. Ага кабыл алуу электрондук тизме аркылуу жүрөт. Пандемияга байланыштуу быйыл 100 гана жеткинчек кабыл алынат. Ал арада, жергиликтүү бюджеттин эсебинен калаада дагы 2 бакчанын курулушу жүрүүдө. Учурда Ош шаарында мектеп жашына чейинки балдардын бакча менен камсыздалуусу 45 пайызды түзөт.

"Конуш жаңы болгондуктан бул сыяктуу социалдык муктаждыктарыбыз четинен эми гана чечилип келе жатат, былтыр жаңы меткеп буткөн, быйыл бул бакча. Буга чейин жеткинчектерибизди коңшу аймактардагы бакчаларга алып барчубуз, шарты жоктордун балдары үйдө эле отурду. Дагы да кошулуш керек, анткени жылдан жылга элдин саны өсүп жатат",- деди Ош шаарынын тургуну Канышай Сагынбаева.