Баткен облусунда 2020-жыл ичинде аткезчиликтен мамлекеттин пайдасына 10 млн сомдон ашуун каражат өндүрүлгөн. Бул боюнча облус жетекчисинин тийиштүү кызматтар менен өткөргөн кеңешмесинде айтылды.
Жалпысынан кошуна өлкөлөргө мыйзамсыз жүк ташууга жана алып кирүүгө бөгөт кою аракеттеринин натыйжасында 168 факты катталган. Ыйгарым укуктуу өкүл кеңешмеде аткезчиликке каршы күрөшүү иштерин күчөтүлгөн тартипте алып баруу, алдын алуу боюнча атайын рейддерди жүргүзүү, аткезчилик орун алышы мүмкүн болгон чек аралаш аймактарда көзөмөлдү күчөтүү, аткезчилик менен алектенген жарандарды жана аларга көмөктөшкөн жарандарды аныктоо менен, мыйзамдуу иштөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Баткен облусундагы Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасынын толук кандуу такталбагандыгы аткезчиликтин күч алышына себеп болуп келет.
“Бажы тармагыдан 148 факт катталып, бүгүнкү күндө 5 млн 700 миң сом акча каражаты өндүрүлдү. Ошондой эле финполдун Баткен, Лейлек боюнча башкармалыгынан 20 факт катталып, 4,5 млн сом акча өндүрүлдү”,- деди Баткен облустук коргонуу бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов.