Соңку учурда балдарын эмдетүүгө каршы болгон ата-энелердин саны арбыды. Алардын басымдуу бөлүгү ар кандай диний көз караштардан улам жана түшүнбөстүктөрдөн баш тартышууда.
Айрымдары “эмдөөгө колдонулган вакцинанын курамында организмге зыяндуу заттар бар” деген ой менен балдарын эмдетпей коёт. Жалал-Абад облусунда өткөн жылы 1 миң 174 ата-эне баласын эмдетүүдөн баш тарткан.
Азиза Холбаева эки айлык наристесин үй-бүлөлүк дарыгерине эмдетүүгө алып келди. Ал буга чейинки балдарын эмдетүүдөн калтырган эмес. Азиза айым эмдөө үчүн бериле турган вакцина тууралуу кеңири маалыматы бар. Ар кандай жугуштуу ооруларды алдын алууга жана ага каршы экенин билет. Ошол себептен балдарына эмдетүүнү өз убагынан кечиктирбейт.