Үстүбүздөгү жылдын 12-январында Финансы полициясынын кызматкерлери “Не сахар” долбоору менен биргеликте мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктардын дагы бир кампасын табышты.
Анда 2018-жылга чейин жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен, көп өлчөмдөгү кондитердик азыктар сакталып турган. Ушул эле кампадан таңгактардагы чыгарылган күндү оңдош үчүн мөөрлөр, ошондой эле иш жүзүндө жарактуулук мөөнөтү жок азыктар табылган жана алынган. Мөөнөтү бүткөн азыктар бар, табылган кампага мөөр басылган.Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, анын жүрүшүн ЭККМКнын төрагасы С.А. Жапыкеев өзү көзөмөлгө алды. Муну менен катар Финансы полициясы республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоого багытталган тиешелүү иш-чараларды көрүүнү улантууда.
"Урматтуу бизнес өкүлдөрү, эгерде сиз сатып жаткан товардын мөөнөтү өтүп кеткен жана талаптагыдай сапатына жооп бербей жатканы белгилүү болуп калса, анда биз сизден пайда көрбөөгө жана калктын ден соолугуна коркунуч келтирбөөгө чакырабыз", - деп билдирди ЭККМК.