Өткөн 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиясы тарабынан жалпысынан 8 жыйын өткөрүлгөн, анда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга 347 талапкердин арызы каралган, анын ичинен:
- 242 талапкер квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат алган;
-105 талапкерге квалификациялык экзамен тапшырууга киргизүүдөн баш тартылган;
- 62 талапкер квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырышган;
- 85 талапкер квалификациялык экзаменди тапшыра алган эмес;
2020-жылдын 31-декабрына карата Адвокаттардын мамлекеттик реестринде 4434 лицензия катталган жана берилген, анын ичинен иштеп жаткан лицензиялары бар адвокаттар 3509.