Жаңылыктар
2020-жылдын жыйынтыгы менен өз ишинин мыктылары сыйланды
Кыргызстан жаңылыктары
2020-жылдын жыйынтыгы менен өз ишинин мыктылары сыйланды

2020-жылы ийгиликтерге ээ болгон ар тармактын алдыңкылары сыйланды. Кыргызстан аялдарынын демократиялык комитети атайын азем уюштуруп, жалпысынан жүзгө жакын адамга сыйлыктарды тапшырды. 

Спортчулар, өнөрпоздор, маданият адамдары, чыгармачыл чөйрөнүн алдыңкы өкүлдөрү, мугалим, мыкты демөөрчүлөр, өзгөчө эмгеги сиңген жетекчилерге ар түрдүү наамдар ыйгарылды. Ошондой эле 2020-жылы кооптуу оору менен талыкпай иштеген дарыгерлердин да эмгеги эске алынды.