Жаңылыктар
Араван районундагы жатак мектеп эл аралык демөөрчүлөрдүн эсебинен жаңыланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Араван районундагы жатак мектеп эл аралык демөөрчүлөрдүн эсебинен жаңыланууда

Араван районундагы №23 жатак мектеби эл аралык демөөрчүлөрдүн эсебинен жаңыланууда. Өткөн жылы башталган курулуштун учурда 80 пайызы жыйынтыкталды. 

225 орунга ылайыкташкан окуу корпусу ашкана, спорт залы, жылутуучу жайы менен салынууда. Пандемия шартына байланыштуу мектептин курулушу белгиленген мөөнөттөн эки айга кечигип жатканын куруучулар билдирди. Арипжан Тургунов атындагы бул жатак мектебинин эски имараты 50-жылдары 100 балага ылайыкталып, пайдаланууга берилген. 

Мында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарындагы турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн, жалгыз бой энелердин жана багар-көрөөрү жок балдар тарбияланат. Облустун аймагында республикалык бюджеттен учурда 5 мектептин курулушу жүрүүдө.

"Мектептин окуу корпусунун 80 пайызын бүтүп калдык, мындан да тездетсек болмок. Бирок аба ырайы бир аз суук болуп жатканына байланыштуу сырттагы иштерибизди жетиштүү деңгээлде жасай албай турабыз. Апрель айына чейин 100 пайызга жыйынтыктайбыз деп болжоп турабыз",- деди курулуштун башкы инженери Курсант Исмаилов.