Жаңылыктар
Нарын шаарына 200 тоннадай көмүр түшүрүлүп, отунга болгон тартыштык жоюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын шаарына 200 тоннадай көмүр түшүрүлүп, отунга болгон тартыштык жоюлду

Нарын шаарына 200 тоннага чукул көмүр түшүрүлүп, отунга болгон тартыштык жоюлду. Бул тууралуу шаардык бийликтен кабарлады. 

Буга чейин калаадагы кампаларда жана базарда көмүр жок калып, элди дүрбөлөңгө салган. Мунун себебин, "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы Кара-Кечеде тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу, убактылуу көмүр өндүрүү токтотулганын билдирген. Учурда шаардын борборунда кара алтын тоннасы 3500 сомдон сатылууда. Дагы 50 тоннасы жеткирилет.

“Ооба буга чейин чындыгында көмүр жок калды. Бул чындык. Бирок биз сүйлөшүүлөрдүн негизинде бул маселе чечилип, мына кечээ көмүр келди. Дагы келет”,- деди Нарын шаарынын вице-мэри Давид Курманов.