Ата - мекендик согушта эрдик көрсөткөн 40-аткычтар бригадасынын жоокерлери эскерилди. Иш-чара бир учурда аталган бригаданын штабы болгон Бишкектеги №24 мектеп-гимназиясында уюштурулду.
Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, согуштун ардагерлери, ленинград блокадасынын катышуучулары, окуучулар жана гимназиянын бүтүрүүчүлөрү катышты. Курсанттардан куралган аткычтар бригадасы 1941-жылы Москваны коргоого жана бир катар жерлерди душмандардан бошотууга өзгөчө салым кошкон.
“1941-жылдын аягынан тартып советтик жоокерлер душмандарга карата ийгиликтүү сокку ура баштаган. Дал ошол учурда курсанттардан турган 40-аткычтар бригадасынын аскерлери да эрдик көрсөтүшкөн. Муну тарыхый материалдар тастыктап турат. Андыктан алардын эрдигин татыктуу эскерүү биздин милдетибиз”, - деп Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Дмитрий Калабанов.