Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков туризм тармагын өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү.
Ал белгилегендей, коронавирус инфекциясына байланыштуу абал өлкө экономикасына, өзгөчө, туристтик тармакка күчтүү таасир этти жана чоң зыян келтирди. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу ички туризмди өнүктүрүү зарылдыгына басым жасап, Ысык-Көл облусунан тышкары, кайталангыс жаратылыш, тарыхый жана маданий жайларга ээ болгон башка региондор да туристтик жаатты өнүктүрүүгө багыт алуусу керектигин белгиледи.
Премьер-министрдин м.а. белгилегендей, жылдан-жылга Пландар жазылганы менен алар иш жүзүндө ишке ашырылбай келет. Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигине бир катар тапшырмалар берилди.