Жалпы билим берүүчү мектептердин, жогорку окуу жайлардын жана балдар бакчасынын кадимки режимдеги иши баскычтуу жандандырылууда.
Андыктан тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо зарыл, - деди вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Республикалык ыкчам штабдын жыйынында. Штабдын отурумунда, аймактардагы эпидемиологиялык абал, COVID-19 жаңы штаммынын аймакка кирүүсүнүн алдын алуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар каралды.
Билим берүү мекемелеринин ишин жандандыруу маселеси талкууланды. Ошондой эле, Эльвира Сурабалдиева медициналык мекемелердеги дарылануу шарттарын жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Кеңешменин жүрүшүндө пандемия учурунда калктын аяр катмарын колдоого алуу маселеси тууралуу дагы сөз болду. Аларга жөлөкпул чегерүү жана башка социалдык көмөк көрсөтүү боюнча жарандардан келип түшкөн кайрылууларына байланыштуу жергиликтүү бийлик огандарынын, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишин күчтөндүрүү тапшырмасы берилди.