Жаңылыктар
Талант Мамытов Сауд Арабия Королдугунун элчиси Абдурахман Аль-Жуманы кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Талант Мамытов Сауд Арабия Королдугунун элчиси Абдурахман Аль-Жуманы кабыл алды

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүн аяктап жаткандыгына байланыштуу Сауд Арабия Королдугунун Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман Аль-Жуманы кабыл алды. 

Төрага Сауд Арабия Королдугунун Кыргызстандагы алгачкы элчиси катары эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошуп, мамилелерди жаңы деңгээлге көтөргөндүгү үчүн Абдурахман Аль-Жумага ыраазычылык билдирди. Мамытов Кыргызстандагы ички саясий абал жана президенттик шайлоо менен башкаруу формасын тандоо багытында өткөрүлгөн референдум тууралуу учкай маалымат берди. 

Муну менен катар Кыргызстан бардык эл аралык милдеттемелерди бекем карманып, Сауд Арабия Королдугу менен буга чейин кол коюлган эки тараптуу жана көп багыттуу келишим менен макулдашууларды толук аткарарын билдирди. Андан сырткары, парламенттер аралык кызматташтык маселесине токтолгон Төрага, Жогорку Кеңеш акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жаткан бул жааттагы алакаларды мындан ары да арттырууга кызыкдар экендигин кошумчалады.