Фостердик үй-бүлө катары бала багып алууну каалаган ата-энелерге мамлекет айына 18 миң сомдон каражат берет. Учурда өкмөт бул программанын алкагында балдар үйүндө тарбияланып жаткан жеткинчектерди ата-эненин камкордугунда өстүрүү максатында фостердик үй-бүлө демилгесин күчөтүүдө. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова маалымат берди.
Балдар үйүнө караганда үй-бүлө камкордугунда чоңойгон балдардын келечекке болгон көз карашы менен турмушка даярдыгындыгы башкача болорун адистер белгилешет. Азыркы тапта өлкөдө 72 бала фостердик үй-бүлөдө чоңоюп келе жатат. Ал үчүн балдарды багып алган 44 үй-бүлөгө мамлекет ар бир бала үчүн 18 миң сомдон айлык төлөйт.
Бала багып алууну каалаган эне 72 сааттык атайын окуу курсунан өтөт. Андан кийин сертификат берилип, социалдык абалы дал келсе баланы келишимдин негизинде үйлөрүнө алып кетишет. Мындай үй-бүлөлөрдө балдардын саны бештен ашпашы керек.
Азыркы тапта психикалык жактан жабыркаган балдарга татыктуу билим берип турмуш жолуна тарбиялоо оор болуп турат. Тилеке каршы аларды багып алган киши жок болуп, ал тургай өз туугандары көпчүлүгүнөн баш тартып коюшат. Бул учурда мамлекет 18ге толгондон кийин дагы алардын турмушуна жоопкерчиликти алууда.