Жаңылыктар
Балдар үйүндөгү жеткинчектерге камкордук көрүү максатында фостердик үй-бүлө демилгеси күчөтүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Балдар үйүндөгү жеткинчектерге камкордук көрүү максатында фостердик үй-бүлө демилгеси күчөтүлүүдө

Ар бир бала үй-бүлө мээриминде чоңоюуга укуктуу. Учурда өкмөт бул программанын алкагында балдар үйүндө тарбияланып жаткан жеткинчектерди ата-эне камкордугунда өстүрүү максатында фостердик үй-бүлө демилгесин күчөтүүдө. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова маалымат берди. 

Азыркы тапта 72 бала фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда. Ар бир баланын жашына жана багылган баланын санына жараша мамлекет айына 18 миң сомдон төлөп берет. Ал үчүн министрлик багып алууну каалаган үй-бүлөлөр үчүн атайын 72 сааттык курс уюштуруп, анын негизинде сертификат алган соң, багып алууну каалаган бадарды келишимдин негизинде үйлөрүнө алып кетишет. Мындай үй-бүлөлөрдө балдардын саны бештен ашпашы керек.

"Азыркы тапта биз фостердик үй-бүлөлөрдүн санын көбөйтүү аракетин көрүп жатабыз. Ар бир бала ата-эне камкордугунда үйдө чоңоюшу керек. Анткени алар да чоңоюп, бир үй-бүлө курушат. Эгерде балдар үйүндө өссө кантип турмуштук тажрыйба ала алышат",- дейт Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова.