Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2020-жылдын 11 айында 5,1 млрд долларды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйында Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов билдирди.
Анын айтуусуна караганда, бул көрсөткүч 2019-жылдын январь-ноябрь айларына салыштармалуу 19,2 %га төмөндөгөн. Аталган мезгил аралыгында экспорт 1,7 %га жогорулап, импорт 27,3 пайызга кыскарган, - деди Султанов.