Улуттук статистикалык комитетинин билдирүүсү боюнча, 2020-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын экономикасы 9 пайызга жакын төмөндөдү.
Январь-декабрь айларында ички дүң продукция алдын ала баалоо боюнча 598 миллиард сомдон ашып, 2019-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 8,6 пайызга ылдыйлаган. “Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, өткөн жылы ИДПнын көлөмү 530 миллиард сомго жакындап, 9 пайызга азайды. Ал эми өнөр жай продукциясынын көлөмү 319 миллиард сомдон ашты жана өткөн жылга салыштырмалуу 6,6 пайызга төмөндөдү.
Буга күйүүчү майдын көлөмүнүн кыскарышы, текстиль өнөр жайы, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдар, жыгач жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык ишмердик, резина жана желимден жасалган буюмдар жана металл эмес минералдык азыктар, азык-түлүк өндүрүү жана тамеки азыктары, темир жана темирден жасалган буюмдар, буга унаа менен жабдуулар кирбейт. Ошондой эле жер астынан казылган баалуу металлдардын кыскарышы таасирин тийгизди. Ал эми курулуш тармагында да төмөндөөлөр байкалган. Анын көлөмү 15,9 пайызга жакын кыскарды. Дүң жана чекене соода тармагында көрсөткүчтөр 16,1 пайызга азайды, ал эми айыл чарбасында өндүрүүнүн көлөмү 1,1 пайызга өстү.