Кыргызстанда бир суткада коронавирус 136 адамдан табылды. Алардын 83ү Бишкектин, 34ү Чүй облусунун тургундары, калгандары ар кайсы облустан катталгандар.
Ооруну көтөрө албагандан улам 3 адам каза болгон. Бир сутка ичинде 205 адам коронавирустан айыгып чыкканын Коронавируска каршы республикалык штаб билдирди. Ушул учурда ооруканаларда 806 бейтап дарыланып жатса, жеңилирээк формада ооруган 1 миң 47 адам үйүндө жатып саламаттыгын чыңдоодо. Бир сутка ичинде өлкө боюнча бир дагы медик коронавирус жуктуруп алганы катталган жок.
Үй карантининен 5, стационардан 1 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 150 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган болсо, алардын ичинен 4 миң 40 медкызматкер айыгып чыккан.