Жаңылыктар
Мамлекеттик гербдин кабыл алынганына 27 жыл толду
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик гербдин кабыл алынганына 27 жыл толду

Мындан 27 жыл мурда, 1994-жылы 14-январда легендарлуу парламенттин депутаттары өзүнүн токтому менен эгемен Кыргызстандын негизги үч атрибутунун бири болгон - мамлекеттик гербди кабыл алган. 

Анын авторлору - Асеин Абдраев жана Садырбек Дубанаев. Дубанаев бир кезде журналисттерге берген маалыматка ылайык, гербдин алгачкы вариантында канаттары жайылган ак шумкар чагылдырылып, ал мамлекеттин эркиндигинин белгиси катары сыпатталган. Ортосунда Ысык-Көл суусу, Ала-Тоонун аскалуу бийик кырка тоолору тартылган. 

Кийин гербдин чекесине буудай менен пахтанын сүрөтү кошулган. Үстү жагына “Кыргыз”, астына “Республикасы” деп жазылган. Кыргыздарда 7 саны өзгөчө мааниге ээ болгондуктан, гербдеги Ала-Тоодо жети чоку тартылган. Шумкардын канаттарында жети бөлүк бар. Гербдеги негизги түстүн көк экендиги Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү экендиги менен түшүндүрүлөт.