Борбордо Президенттик “Манас” камералык оркестринин балдарга арналган концерти өттү. Оркестрдин түзүлгөнүнүн 20 жылдыгына карата экинчи жолу уюштулуруп жаткан иш-чаранын негизги максаты - жаш көрүүчүлөрдү маданиятка тартуу, кызыктыруу болуп саналат. “Манас” камералык оркестринин көркөм жетекчи Эрнис Асаналиевдин айтымында, жыл аягына чейин 20 концерт берүү пландалууда.
Президенттик “Манас” камералык оркестри тарабынан балдарга арналып, уюштурулган концерттке Даша менен Данил чоң энеси менен келишти. Мультфильмдеги музыкалар аспаптардын коштоосунда аткарылганы жаш көрүүчүлөргө өзгөчө кубаныч тартуулады.