13-январга караган түнү саат бирлер чамасында Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине белгисиз жаран тарабынан кол салуу болду.
Окуя райондук милиция бөлүмүнүн имаратынын жаныда катталган. Белгисиз жаран, алгач унаанын ичинде отурган милиция кызматкерине андан соң, экинчи унаадан түшүп жаткан ыкчам тергөө тобунун кызматкерине ок чыгарып, качып кеткен. Жаракат алган кызматкерлердин бирөөнө Ош облустук клиникалык ооруканасында операция жасалып, экинчиси Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылды.
Учурда экөөнүн тең абалы туруктуу. Болуп өткөн окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Милиция кызматкерлерине кол салган шектүүнү аныктап, кармоо боюнча иштин алкагында, Ак-Кыя жана Кара-Кулжа айылдарынын кире бериштерине посттор орнотулду.
"Кызматкер өзүнө таандык болгон Нива үлгүсүндөгү автоунаасында олтурган учурда ага бейтааныш жаран кол салган. Унаанын алдыңкы капталдагы айнегинин сыртынан 16 калибрдеги ок атуучу куралдан капысынан ок чыгарган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, унаадан түшүп жатканда тергөөчүгө да эки жолу ок чыгарган. Тергөөчү табелдик куралы менен атуулду көздөй бир жолу ок аткан. Бирок ал качып кеткенге үлгүргөн",- деди Ош ОИИББдин маалымат катчысы Жеңишбек Ашырбаев.