Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участкаларынын 99 пайыз добушун эсептеп чыкты. Бул туурасында БШКнын сайтына жарыяланды.
Кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча президенттик башкарууга 81 пайыз, ал эми парламенттик башкаруу формасы 11 пайызга жакын добуш алган. Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаров 79,27% менен алдыда келе жатат. Бул тизмеге катталган шайлоочулардын жалпы санынын 39,15 пайызын түзөт.