Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан баштаган дүйнө лидерлери жана эл аралык коомчулук Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Кечээ күнү да алыскы жана жакынкы шериктеш, дос өлкөлөрдөн куттуктоолор келген болчу.
Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган телеграмма жөнөткөн Венгриянын өкмөт башчысы акыркы жылдарда өнүгүп келе жаткан кыргыз-венгер кызматташтыгы мындан ары да өз ара урматтоонун негизинде улана берерине үмүт арта турганын айткан.