Жаңылыктар
Жаңы баш мыйзамдын долбоору парламенттик шайлоого чейин референдумга чыгат
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы баш мыйзамдын долбоору парламенттик шайлоого чейин референдумга чыгат

Жаңы баш мыйзамдын долбоорун парламенттик шайлоого чейин референдумга чыгаруу керек. Мындай пикирин борбордук шайлоо комиссиянын өкүлдөрү жана юристтер айтып чыгышты. Ага ылайык алгач конституция кабыл алынып, анын талаптары менен парламент келиши керек.

Талкууланып жаткан баш мыйзамдын долбоорун апрель айында өтө турчу жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен бирге жалпы элдик добуш берүүгө чыгаруу пландалууда. Мындай кадам каржылык чыгымдарды үнөмдөйт жана уюштуруу ишиндеги ашыкча түйшүктү жеңилдетет.