10-январда өткөн референдумда кыргызстандыктар көпчүлүк добуш менен президенттик башкаруу формасын тандап алды. Адистер мындай кадам өлкөдө болуп жаткан окуяларга бир адам жоопкерчилик алып, аткаруу бийлиги баштаган мамлекеттик мекемелердин иши туруктуу болушу керек деген талаптан улам жасалганын белгилешет.
Эң ириде президенттик башкаруу - бул туруктуулуктун кепилдиги дешет адистер. Анткени аткаруу бийлигинин иши, мамлекеттик аппаратты оптимизациялоо жана жалпы эле мамлекет үчүн бир адам жоопкерчилик алат. Бул натыйжалуу өкмөттү түзүүгө өбөлгө болуп, мамлекеттик мекемелердин кыймыл аракетин тескөөгө да жеңил.