Жаңылыктар
Салык кызматы 2020-жылы республикалык бюджетке 62,9 млрд сом салык жыйнады
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы 2020-жылы республикалык бюджетке 62,9 млрд сом салык жыйнады

2020-жылы Мамлекеттик салык кызматы республикалык бюджетке 62 млрд. 958 млн. сом салык жыйнады. Белгиленген план 100,2 пайызга аткарылды же 107,3 млн сомго ашыгы менен чогултулду.

2019-жылга салыштырмалуу салыктар республикалык бюджетке 324,7 млн сомго көп жыйналды.

Белгилей кетсек, салыктар боюнча план 2020-жылдын ноябрь айында республикалык бюджетке Салык кызматы үчүн мурда белгиленген планды 3 млрд 58,3 млн сомго көбөйтүү менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алганда ашыгы менен аткарылды.