Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунда ата-энесинен ажыраган 82 балага 3 миллион сом акчалай көмөк көрсөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусунда ата-энесинен ажыраган 82 балага 3 миллион сом акчалай көмөк көрсөтүлдү

Жалал-Абад облусундагы 82 ата-энесинен ажыраган  балдарга 3 миллион сом акчалай көмөк көрсөтүлдү.

Бул Бириккен Араб Эмиратынын жана Кыргызстандын Улуттук Кызыл Ай Коомунун өнөктөштүк долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

Алардын тизмеси облустун район-шаарлардагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан берилген. Муктаж балдарга көмөк көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, каражаттар ар бир балага банктык эсеп аркылуу которулган.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 509 томолой, 7 миң 965 ата-энесинен ажыраган балдар бар.