Баткен облусунда эпидемиологиялык абал турукташкандыгына байланыштуу 233 мектепте окутуу башталды. Мындай чечим коронавирус менен күрөшүү жана анын алдын алуу боюнча облустук штабда кабыл алынды.
Облус боюнча жалпы 233 орто мектеп болсо, алардын ичинен 10 мектеп бүгүндөн тарта толук окутууга өттү. Ага ылайык облус башчысы билим берүү мекемелерин даярдоо, санитардык талаптарды сактоо жана дем алыш күндөрү залалсыздандыруу жумуштарын жүргүзүп туруу, окуучулар менен ата энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жылуулук менен камсыздоо боюнча, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
6-январдан тартып Баткен облусунда өзгөчө кырдаал режими алынган. Алдыда бала бакчаларды да ачуу каралууда. Эскерте кетсек, буга чейин муктаждыкка жараша жеке менчик балдар бакчаларына иштөөгө уруксаат берилген. Санэпидкөзөмөл борборунун маалыматы боюнча мектептерде гуманитардык сабактар онлайн ыкмасында калтырылды.