Жаңылыктар
Өзгөндүн ооруканаларынын биринде өрт чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөндүн ооруканаларынын биринде өрт чыкты

Өзгөн шаарынын райондук ооруканасынын аймагында жайгашкан жеке клиникалардын биринен өрт чыкты. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдын натыйжасында бир адам жаракат алды.

«Башкаруу панелине чакыруу саат 18.09да келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө үч өрт өчүрүү тобу тартылган. Өрт 19.02де локализацияланган. Саат 21.42де жалын толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен 74 жаштагы эркек адам экинчи даражадагы күйүк алган. Анын абалын дарыгерлер канааттандырарлык деп баалап жатышат. Ошондой эле, өрт өчүрүүчүлөр тарабынан клиникадан 13 адам эвакуацияланган. Өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жатат», - деп билдиришти Чукул кырдаалдар министрлигинен.

Ошондой эле, имараттын 150 чарчы метр аянттагы жыгач чатыры жана 151 чарчы метр клиниканын ички жасалгасы - 16 бөлүм күйүп кеткендиги белгиленди.