Жаңылыктар
Жол эрежесин бузган 252 чет өлкөлүк унаалар аныкталып, убактылуу токтотуучу жайга киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Жол эрежесин бузган 252 чет өлкөлүк унаалар аныкталып, убактылуу токтотуучу жайга киргизилди

Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 1-январдан 7-январга чейин жол эрежесин бузган же каттоо нөөмөтү өтүп кеткен 252 чет өлкөлүк жана транзиттик номурлуу унаалар аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы кабарлады. 

Маалыматка караганда, алардын ичинен 161 транзиттик номур, 58 Россиянын номуру, төртөө Армениянын, алтоо Азербайжандын номуру жана башка 23 чет өлкөлүк номурлуу унааларга карата бузуулар кодексинин негизинде тиешелүү протоколдор түзүлүп, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Андан тышкары, беш чет өлкөлүк номурлуу унаанын каттоо мөөнөтү өтүп кеткендиктен, убактылуу токтотуучу жайга киргизилди. "Милициянын кайгуул кызматы атайын коопсуз шаар долбоорунун алкагында коюлган видео көзөмөлдөрдөн жашынып каттуу ылдамдык менен айдаган айдоочуларга, ошондой эле каттоо нөөмөтү өтүп кеткен чет өлкөлүк транзиттик номурлуу унааларга карата мындан ары да текшерүү жана чара көрүү иштерин улантат", - деп айтылат маалыматта.