Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков өлкөнүн түштүгүндөгү ИИМдин күч түзүмдөрү менен жыйын өткөрдү.
Орун басар 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо жана референдум тынч, тиешелүү талаптарды сактоо менен өткөндүгүн белгиледи. Өздүк курам коомдук тартипти камсыз кылып, натыйжада одоно тартип бузууларга жол берилбегенин кошумчалады.
Ошондой эле Өмүрзаков жетекчилерге ачылбай жаткан кылмыштардын бетин ачуу боюнча тийиштүү иш-чараларды күчөтүүнү талап кылды