Жаңылыктар
Александр Лукашенко Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Александр Лукашенко Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Беларуссиянын Президенти Александр Лукашенко Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Беларуссиянын башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

"Сиздин ушул жогорку мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгүңүз коомдогу биримдикти жана ынтымакты чыңдоого, социалдык туруктуулукту жана эгемендүү Кыргызстандын туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылууга салым кошот деп ишенем", - деп айтылат куттуктоодо.

Лукашенко Беларуссия "кызыкдар жана жоопкерчиликтүү өнөктөш бойдон кала берсе, Кыргызстан менен эки тараптуу негизде дагы, интеграциялык форматта дагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендигин" баса белгиледи.

Беларуссиянын башчысы Жапаровго чың ден-соолук, бакубатчылык, кыргыз элинин гүлдөп өсүшү үчүн алдыга коюлган максаттарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.