Жаңылыктар
14 жаштагы кызды өлтүргөн айыпталуучуга өмүр бою эркинен ажыратуу чечими күчүндө калтырылды
Кыргызстан жаңылыктары
14 жаштагы кызды өлтүргөн айыпталуучуга өмүр бою эркинен ажыратуу чечими күчүндө калтырылды

Жогорку Сот 14 жаштагы кызды өлтүрдү деп айыпталуучуга өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу Чүй облусунун прокуратурасынын кылмыш иштери жана жарандык процесстер бөлүмүнүн башчысы Нурлан Тагаев билдирди.

Анын айтымында, айыпталуучу буга чейин Чүй облустук сотунун чечимине каршы апелляциялык арыз берген. Анын пикиринде, соттук коллегия өтө эле катаал өкүм чыгарды.

«Айыпталуучу өз арызында күнөөсүн толугу менен мойнуна алгандыгын көрсөттү. Анын айтымында, ал кызды өлтүргүсү келген эмес», - деди Нурлан Тагаев. 2019-жылдын сентябрь айында Кемин районунда 14 жаштагы кыз жоголуп кеткен. Эки күндөн кийин анын жансыз денеси кароосуз калган үйдөн табылган. Өспүрүмдү Кашкелен айылынын 20 жаштагы тургуну мыкаачылык менен өлтүргөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылган жана ал каршылык көрсөтө баштаганда, аны сабап, өлтүргөн.