Жаңылыктар
Окуучулар мектептен билим алууда
Кыргызстан жаңылыктары
Окуучулар мектептен билим алууда

Талас облусунун окуучулары бүгүндөн тартып мектепке барып билим ала башташты. Мындан улам санитардык талаптарды сактоо дыкат көзөмөлгө алынды. Ошондой эле, белгиленген алгоритм боюнча бир билим берүү мекемесиндеги окуучуларынын саны 600дөн ашпашы керек. Андан көп сандагы окуучусу бар мектептер үчүн бир жума аралыгында мониторинг жүргүзүлүп, андан соң гана окуу тартиби белгиленет.