Жаңылыктар
УКМК: Каржы полициясынын кызматкерине карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча текшерүү башталды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Каржы полициясынын кызматкерине карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча текшерүү башталды

УКМК Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы «Т.А.Р» карата мыйзамсыз материалдык баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иш жүрүп жатат.

Басылманын маалыматы боюнча, 2014-2020-жылдар аралыгында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жетекчи «Т.А.Р» көптөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болгон, алар жакын туугандарынын көмүскө түрдө катталган.

Учурда «Т.А.Р» тарабынан мыйзамсыз материалдык баюу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу фактысын аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.