Жаңылыктар
Дүйнөдөгү эң ири Лувр музейи өткөн жылы 90 миллион евро зыянга учурады
Кыргызстан жаңылыктары
Дүйнөдөгү эң ири Лувр музейи өткөн жылы 90 миллион евро зыянга учурады

2020-жылы дүйнөдөгү эң ири Лувр музейине келгендердин саны азайды. Бул тууралуу музейдин жетекчилиги билдирди. 

Коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам былтыр музейди болгону 2 жарым миллион гана адам көрө алды. Салыштыра турган болсок, бир жыл мурун музей 10 миллионго жакын мейман кабыл алган. Жазгы жана күзгү карантиндик тыныгуу аралыгында музейди көрүү үчүн негизинен европалыктар гана кайрылган. Музей 2020-жылы 90 миллион евро зыянга учурады. 

Мамлекет ага 46 миллиондук субсидия бөлүп берүүгө аргасыз болду. Мындай абал шаардагы дагы башка жайларда да орун алды. Мисалы Версаль сарайынын чыгашасы 75 %га жетти. Ал эми Орсэ музейинде 77, Помпиду борборунда болсо зыяндын көлөмү 72% болду.