Үстүбүздөгү жылдын 13-январынан 16-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-100 чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда, Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр автоунаа жолунун 61-85 чакырымдарындагы Каракысмак капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.