Жаңылыктар
Чет өлкөдөгү шайлоочулардын саны былтыркы парламенттик шайлоого караганда көп болду
Кыргызстан жаңылыктары
Чет өлкөдөгү шайлоочулардын саны былтыркы парламенттик шайлоого караганда көп болду

Чет мамлекеттерде жашаган шайлоочулардын саны былтыркы парламенттик шайлоого караганда 16 миң 877ге көп болду. 

Өлкө аймагынан сырткары шайлоочулардын жалпы саны 49 миң 481 адам болгон. Тышкы иштер министрлигинин сунушу менен 28 чет мамлекетте 48 шайлоо участогу иштеди. Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен санитардык- коопсуздук талаптарын сактоо боюнча чаралар көрүлдү. 

Биринчи болуп Южно-Сахалинск шаарындагы шайлоо участогу ачылды. Акыркы болуп Вашингтондогу шайлоочулар добушун беришти. Ал жакта 11-ноябрда эртең мененки саат жетиде добуш берүү аяктады. Жыйынтыгында 48 шайлоо тилкесинде 13 миң 452 жаран добуш берген.