Жаңылыктар
Добуш берүү күнү БШКнын колл-борборуна шайлоочулардан 580 чалуу түшкөн
Кыргызстан жаңылыктары
Добуш берүү күнү БШКнын колл-борборуна шайлоочулардан 580 чалуу түшкөн

Добуш берүү күнү Борбордук шайлоо комиссиянын колл-борборуна шайлоочулардан 580 чалуу түшкөн. 

БШКнын маалыматы боюнча, 4-январдан 9-январга чейин борбордун кызматкерлери 1 миң 255 жарандын телефон чалуусун кабыл алып, кызыктырган суроолоруна жооп беришти. Колл-борбор жарандарга мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо добуш берүү жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүү үчүн кеңеш берүү максатында ачылган. 

10-январь күнү ыкчам байланыш борборунда БШКнын кызматкерлери жана кошумча кабыл алынган адистер, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар иштешти.