Евразия эконимикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Садыр Жапаровду мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди.
«Сиздин ишеничтүү жеңишиңиз өлкөдөгү жогорку кадыр-баркка жана калктын чоң ишенимине ээ экендигиңизден кабар берет. Сиз Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара мамилелердин өнүгүшүнө жаңы дем бересиз деп ишенебиз»,- деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Михаил Мясникович Садыр Жапаровго бекем ден соолук, бакубатчылык, ал эми Кыргызстанга тынчтык жана өнүгүү каалады.