Жеке жактардын Кыргыз Республикасынын салык статусун ырастоо боюнча функция Мамлекеттик салык кызматына өттү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-декабрындагы токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга кош салык салуудан качуу же же четтөө жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу тууралуу макулдашууларды аткаруу тартиби жөнүндө жобого тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди.
Мында салык төлөөчүлөргө, анын ичинде жеке жактарга резиденттиктин сертификатын берүүнүн шарттары жана мөөнөттөрү өзгөрүүсүз бойдон калтырылды. Кыргыз Республикасынын резиденттик сертификатынын болушу салык төлөөчүлөргө бир гана өлкөдө салык салынышына жана бир эле кирешеге кош салыктын салынышын четтетүү укугун берет.
Эске салсак, мурда резиденттик сертификаты Салык кызматы тарабынан юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге гана берилчү, ал эми жеке жактарга Экономика минстрлигинен берилчү. Кененирээк маалыматты 0312 61-28-70 телефону боюнча алууга болот.