Жаңылыктар
2020-жылы мамлекеттин аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө 626 лицензия тариздеген
Кыргызстан жаңылыктары
2020-жылы мамлекеттин аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө 626 лицензия тариздеген

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2020-жылы мамлекеттин аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө 626 лицензия тариздеген. 

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарында - 359, Чүй облусуна - 43, Таласка - 10, Ысык-Көлгө -18, Ошко - 146, Баткенге - 8, Жалал-Абадга - 35 жана Нарын облусуна - 7 лицензия берилген. Жалпы, Кыргызстандын юридикалык жактарына - 619 жана 7 жеке ишкерлерге лицензия берилген. 

Биринчи жолу 450 уюм лицензиясын алышкан, калган уюмдар аткарылып жаткан иштердин жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатууга жана иштин кошумча түрлөрүн киргизүүгө байланыштуу лицензияларын кайра тариздешкен.