Жаңылыктар
УКМК: Ошто кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган айыл өкмөт башчысы кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Ошто кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган айыл өкмөт башчысы кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

Билдирүүгө ылайык, Савай айылындагы мектептин спорт залын курууда 1 млн сомдон ашык суммага ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталды. Ошондой эле кармалган жаран айрым жооптуу адамдар менен биргеликте аталган объекттин сапатсыз аткарылганына карабастан пайдаланууга берген. 

УКМК Ош шаары жана облус аймагында ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүүгө уюшкан кылмыштуу топту түзүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүүдө. Анда айыл өкмөтүнүн башчысы күбө катары сурак берүүдө. Ал Оштогу УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.