Жаңылыктар
Шавкат Мирзиёев шайлоодогу жеңиши менен Садыр Жапаровду куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Шавкат Мирзиёев шайлоодогу жеңиши менен Садыр Жапаровду куттуктады

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев телефондук сүйлөшүүдө Садыр Жапаровду Кыргызстандын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынан кабарлашты. 

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан алдында турган кыйынчылыктарды жеңип чыгарына жана мамлекеттүүлүк менен улуттук биримдикти бекемдөө жана өлкөнү социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүү боюнча ийгиликтүү программаларды ишке ашырарына ишенерин билдирди. Мирзиёев Өзбекстан турмуштун бардык чөйрөлөрүндө кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары да достук мамиледе, ынак коңшулукта жана стратегиялык өнөктөштүктө чыңдай берүүнү жана өнүктүрүүнү көздөй тургандыгын белгиледи. 

Садыр Жапаров Өзбекстан башчысына куттуктоосу үчүн ыраазычылыгын айтып, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык боордош эки элдин бакубатчылыгы жана кызыкчылыгы үчүн мындан ары дагы ийгиликтүү өнүгө тургандыгына бекем ишенимин билдирди. Мирзиёев Садыр Жапаровду Өзбекстан Республикасына расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды. Жапаров чакырууну ыраазычылык менен кабыл алды. Тараптар иш сапардын мөөнөтүн дипломатиялык каналдар боюнча аныктоого макулдашты.