Жаңылыктар
Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин “Баатыр жүрөк Кааба” китебинин бет ачаар аземи өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин “Баатыр жүрөк Кааба” китебинин бет ачаар аземи өтөт

Белгилүү кинорежиссер "Кыргыз кино кереметин" жаратуучулардын бири, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы "Манас" ордени жана башка сыйлыктардын ээси Болот Шамшиев көзү тирүү болгондо бүгүн, 12-январда 80 жашка чыкмак. 

Бул датага ылайык, А. Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында саат 11:00дө Болот Шамшиевдин “Баатыр жүрөк Кааба” китебинин бет ачаар аземи өтөт. Ошондой эле Ч. Айтматов атындагы кино үйүндө саат 14:00дө эскерүү кечесин өткөрүп “Ак кеме” көркөм тасмасын көрсөтүлөт. 

Иш-чарага таланттын кесиптештери чыгармачылыгына күйөрмандык кылган бардык каалоочулар жана үй-бүлөөсү катышат. Белгилүү кинорежиссёр Шамшиев "Кыргыз кино кереметин" жаратуучулардын бири. СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы "Манас" ордени жана башка сыйлыктардын ээси болгон. "Ак кеме", "Караш-Караш окуясы", "Сүйүү закымдары", "Адамдардын арасында", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямадагы кадыр түн" жана башка атактуу кинолордун режиссёру болгон. Болот Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында каза болгон.