Ош шаарында 11-январь күнү саат 12:18де Б.Осмонов көчөсүндө “Хюндай Портер” жана “Дэу Тико” унаалары сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.