Кыргызстандыктар жаңы мамлекет башчысын шайлоо менен бирге президенттик башкарууну жактап добуш берди. Анын алдын ала жыйынтыгына таянсак, катышкан жарандардын 80 пайыздан ашыгы дал ушул башкаруу формасын колдоду. Айрымдар мындай натыйжаны президенттик шайлоодогу негизги талапкердин максаттары менен байланыштырса, айрымдар эл парламенттик башкаруунун чабалдыгынан тажады деп эсептейт.
Шайлоону ага катышкандардын санына жараша таануу эрежеси жок. Ал эми референдумга тизмедеги жалпы шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгы катышуусу шарт. 10-январда президенттик шайлоо менен бирге өткөн жалпы элдик добуш берүүгө 1 млн 421 миң адам келип, референдум өттү деп таанылды.
Жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эткен жагдайлар ар кандай талданууда. Президенттик башкаруу формасына калың эл ыктаганын Садыр Жапаровдун позициясы менен байланыштыргандар бар. Себеби негизги талапкер шайлоодо алган добуш менен дал ушул башкаруу формасын жактагандардын пайыздык көрсөткүчтөрү окшош да болуп жатат.
Айрымдар 10 жыл бою Кыргызстанда чыныгы парламенттик башкаруу өкүм сүрбөгөнүн белгилесе, талдоочулардын бир тарабы элдин тандоосуна Жогорку Кеңештин соңку чакырылышынын сапаты таасир этти деген пикирде.
Элдин тандоосуна ылайык эми президенттик башкарууну аныктаган жаңы конституция даярдалат. Аны кабыл алуу үчүн дагы бир референдум өтөт.