Жаңылыктар
Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны

Саясий куугунтукка жол берилбейт. Ким гана болбосун, саясатчыбы же жеке адамбы, эгер ал өлкөгө зыян келтирсе, мыйзам алдында жоопкерчилик тартууга тийиш. Бул тууралуу Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирди. Ошондой эле ал өзү менен бирге саясий жарышка катышкан бардык талапкерлер менен кызматташууга даяр экендигин айтты.

Садыр Жапаров өлкө экономикасы, энергетика системасы жана саясий кырдаал өтө оор мезгилге туш келген убакта, бийлик башына келип жатканын белгиледи. Коррупция менен болгон күрөштө ар бир кыргызстандыктын жардамына муктаж экендигин айтып, бюрократ коррупционер саясатчылардан тазалануу зарыл экендигине токтолду.

Жапаров жалган маалымат, ушак-айың менен алпурушуп отуруунун эч кандай кажети жок экендигин билдирди. Өзү менен бирге президенттикке ат салышкандарды кызматташууга чакырды.

Журналисттердин суроолоруна жооп берген Садыр Жапаров бардык саясий күчтөрдү консалидация кылууга даяр экендигин билдирди.
Суроо узаткан журналисттер сөз эркиндигине болгон мындан аркы мамиле тууралуу да кызыгып көрүштү. Жапаров журналисттерди бейтараптуулукка жана жоопкерчиликке чакырды.

Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тышкы саясаттагы мындан аркы багыттар тууралуу суроо салышты. Кыргызстан менен россия, кыргыз түрк мамилелеринин келечеги эмне болот деген суроолор узатылды.

Узатылган суроолордун басымдуу бөлүгү президент катары мындан аркы багыттары, негизги пландары тууралуу болду. Айрым журналисттер өкмөт башчынын ким боло тургандыгына да кызыгышты. Референдумдун жыйынтыгы ачыкталса конституциялык реформа кандай жүрөрү сөз болду.