Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктаган референдумдун өтүшүнө көз салган эл аралык байкоочулар саясий тандоонун ишке ашуусуна оң баа беришти.
10-январда өткөн шайлоого 44 мамлекеттеги 35 эл аралык уюмдан 333 эл аралык байкоочу келип катышты. Алар республиканын аймагындагы бир катар шайлоо тилкелеринде болуп, одоно мыйзам бузуулар болбогонун билдирди.
Өлкө тарыхында көпчүлүк үмүттөнгөн шайлоонун мыйзам чегинде өтүшү боюнча Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттерден келген өкүлдөр пикирин билдирди. Бул жолку шайлоодо элдин талапкерлерге болгон тандоосу акча таратуу же массалык жолугуулар аркылуу эмес, социалдык тармактар андагы талапкерлердин программалары жана суроо-жооптор аркылуу өттү.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун байкоочулар миссиясы шайлоо менен референдумду акыйкат легитимдүү өттү деп тааныды. Алар шайлоо маалында эч кандай мыйзамга каршы келген көрүнүштөрдү байкабаганын ачыктады.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин өкүлдөрү шайлоо фондундагы каржылык булактарын жана чет жактагы кыргыз жарандарынын шайлоого катышуусуна көз салып турушкан. Буга чейинки шайлоолорго катышкан 32 миңден ашык чет мамлекеттердеги шайлоочулардын саны бул жолу 55 миңден ашып, 45 шайлоо тилкесине дагы үчөө кошулган.
Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрүн бул жолку шайлоо эл аралык милдеттемелердин сакталышы менен ачык таза өткөнүн билдиришти. Пандемиялык шартка карабай ар бир шайлоо тилкесинде бардык санитардык талаптардын так сакталышы вирустан сактануу чаралары толук аткарылганын көрсөттү.
Ал эми Ислам кызматташуу уюмунун өкүлдөрүнө турган топ да шайлоонун журүшүнө көз салып, өнөктүк бардык нормаларды сактоо менен өткөнүн билдирди. Алар канчалаган шайлоолордун өтүшү менен, калк арасында добуш берүү аркылуу тандоо маданияты өскөндүгүн байкашкан. Кыргызстандагы шайлоолорго эл аралык байкоочу катары көз салууга келген өкүлдөрү дүйнөлүк деңгээлде демократиялык жолду тандаган көп мамлекеттерде