11-январга карата шайлоо комиссияларындагы добуштар 98 % эсептелди. Ал эми шайлоого катышуу 40% га жакындады деп белгиленүүдө. Шайлоо мыйзамына ылайык, 20 күн ичинде шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыгышы керек. Мамлекет башчылыгына ат салышкан 17 талапкердин кимиси канча добуш топтоду?
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында бул акыркы жыйынтык эмес. 11-январда таңкы саат 7 ге карата чет өлкөдө жайгашкан баардык шайлоо учстоктору жабылгандыгына байланыштуу, ушул тапта электрондук үкөктөрдүн автоматтык эсебинен гана аныкталды. Ал эми бюллетендерди кол менен саноо жараяны дагы деле улантылууда.
Автоматтык эсептөөчү урнанын эсептеген көрсөткүчтөрүнө ылайык, шайлоодо талапкер Садыр Жапаров атаандаштарынан бир топ айырмачылык менен алдыга озуп чыккан. Добуш топтоо боюнча экинчи орунда Адахан Мадумаров, андан кийинки орунга Бабыржан Төлбаев чыккан.
Добуш берүүгө катышкандардын тизмелери, добуш берүү өткөндөн кийин 5 күндүн аралыгында расмий түрдө БШКнын сайтына жана тизме боюнча порталга жарыяланат. Ал эми жаңы шайланган мамлекет башчысынын инаугурациясы шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандан кийин бир айдын ичинде өтүшү керек.