Жаңылыктар
Көз карандысыз мониторинг жүргүзгөн “Таза шайлоо” ассоциациясы шайлоого өз баасын берди
Кыргызстан жаңылыктары
Көз карандысыз мониторинг жүргүзгөн “Таза шайлоо” ассоциациясы шайлоого өз баасын берди

Кыргызстанда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча өткөн шайлоо өнөктүгүнө көз карандысыз мониторинг жүргүзгөн “Таза шайлоо” ассоциациясы өз баасын берди. 

Юридикалык жактардан куралган бирикме өлкө боюнча 125 шайлоо тилкесине жана Боршайкомдун ишмердүүлүгүнө байкоо кылган. “Таза шайлоо” жалпы алганда одоно мыйзам бузуулар катталбаганын билдирди. Ассоциация өкүлдөрү шайлоо чукул арада, жакшы эмес эпидемиологиялык абалга байланыштуу өтүп жана форма 2 менен дарегин өзгөртүү жокко чыккандан улам шайлоочулардын саны күздө өткөн парламенттик шайлоого салыштырмалуу аз болду деп белгиледи.

“Болуп өткөн шайлоодо одоно мыйзам бузуулар катталган жок. Добуш берүүгө көзөмөл кылган байкоочулардын маалыматына ылайык, мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоону өткөрүү жана даярдык иштери календардык планга дал келет. Эки шайлоо бир болуп тандоо оңойго турган жок. Форма 2 жокко чыгып, 400 миңдей жаран шайлоого катыша албай калды. Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн шайлоо өнөктүгүнө кийлигишүүсү катталган жок, бирок белгилер түшүп жатты. Коомдук байкоочулар тарабынан тартип бузуу, чагымчыл аракеттер тууралуу маалыматтар катталган эмес”,- деди “Таза шайлоо” ассоциациясынын шайлоолор боюнча эксперти Тимур Арыков.